КММА №2 шаардык клиникалык оорукананын ремонт иштерин жүргүзүүдө
Университеттин жашоосу 0 3 Май 2023

Саламаттык сактоо уюммдарын социалдык жактан колдоо, калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу, ошондой эле материалдык-техникалык базаны чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен министр Г.Баатырова кол койгон Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо мекемелери Республиканын медициналык билим берүү окуу жайларына бекитилди. Буйрукту аткаруу максатында И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекттик медициналык академия Бишкек шаарындагы N2 шаардык клиникалык оорукананын базасында бөлмөлөрдү капиталдык оңдоодон өткөрдү.

Ремонт иштери аяктагандан кийин кечээ, 2023-жылдын 4-майында оңдолгон 5 класстык бөлмө И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын госпиталдык терапия бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Өткөрүп берүү кабыл алууга окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова, проректорлор, декандар №2 шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Улан Алиев катышты.

Белгилей кетсек, оңдоп түзөө иштери толугу менен Медициналык академиянын каржы каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн.