КММАнын студенттери кыргыз поэзиясынын шедеврлери жаралган үйгө барышты!
Университеттин жашоосу 4 Апрель 2025

КММАнын кыргыз тили кафедрасынын завучу Домасбекова Салтанат жана окутуучу Шабданбаева Жийдегүл 1-курсунун студенттери (дарылоо иши, 3 жана 4-топ) менен бирге Алыкул Осмоновдун үй-музейине барышты.

Бул экскурсия куратордук иштин алкагында уюштурулуп, студенттерге улуу кыргыз акынынын жашоосу жана чыгармачылыгы тууралуу тереңирээк маалымат берүү максатын көздөдү. Экскурсиянын жүрүшүндө катышуучулар Алыкул Осмоновдун жеке буюмдары, кол жазмалары жана адабий мурасы менен таанышышты. Студенттер экскурсоводдун баянын кызыгуу менен угуп, акындын чыгармаларын талкуулап, таасирлерин бөлүшүштү.

Мындай иш-чаралар жаштардын улуттук маданият менен адабиятты тереңирээк түшүнүүсүнө өбөлгө түзүп, Кыргызстандагы улуу инсандардын чыгармачылыгын изилдөөгө шыктандырат.