Университеттин жашоосу
10 Декабрь 2024
2024 жылдын 9-декабрында КММАнын базистик жана клиникалык фармакология кафедрасында улуу “Манас” эпосун жана көрүнүктүү, дүйнөгө таанымал, алп жазуучу Ч. Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.


Иш-чарага Кыргыз улуттук “Манас” театрынан КР эл артисти, манасчы Исаков Рысбай чакырылды. Иш-чаранын алкагында “Манас” эпосундагы медицинага байланыштуу окуялар, чөп дарылар тууралу кенен маалымат берилди.

Бул иш-чара кураторлук педиатрия факультетинин 3-курсунун студенттеринин катышуусунда өткөрүлдү. Студенттер тарабынан докладдар, дубал газеталар жасалды.
Ч. Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинен көрүнүш чагылдырылды.

Студенттер активдүү катышып, манасчыга медицина менен байланышкан суроолорду берип, жооп алышты. Иш-чара кызыктуу өтүп, студенттер жакшы маанайда тарашты. Иш-чаранын алгында мамлекеттик тил секторунан келген Иноват Абдимажитовна корутунду сөз сүйлөдү.