Х. Карасаевдин жана К. Тыныстановдун 120 жылдык мааракелерине ошондой эле 21-февраль Эл аралык эне тили күнүнө арналган иш-чарада КММанын ординатору баяндама жасады
Университеттин жашоосу 1 19 Февраль 2021

Кечээ, 18 февралда КРнын Президентинин Иш башкармалыгына караштуу №1 Мамлекеттик резиденциясынын «Конгресс Холлунун» Пресс-борбор жыйындар жайында кыргыз элинин тунгуч лексикографы жана лексикологу, эл агартуучу, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, КР Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги Хусеин Карасаевдин  жана  кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист,биринчи кыргыз профессору  Касым Тыныстановдун 120 жылдык мааракелерине ошондой эле  21-февраль Эл аралык эне тили күнүнө арналган иш-чара  болуп өттү.

Иш-чарага  Бишкек шаарынын мэриясынын,  Кыргызстандын илимий мекемелеринин,  КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, ЖОЖдордун өкүлдөрү,  ошондой эле бир катар тилчи-окумуштуулар, илимпоздор, публицисттер жана журналисттер  ошондой эле, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын  Мамлекеттик тил жана тарбия иштер боюнча проректору, профессор Кенешбек Ырысов жана Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Сапагуль Наралиева  катышышты.

Аталган жыйында БУУнун адам укуктары боюнча эксперти, м.и.д, профессор Алтынай Карасаева,  И.К.Ахунбаев атындагы КММанын ординатору Х.Карасаев изилөөчүсү Алихан Ибраимов «Тил залкарынын унутулгус элеси» аттуу  Хусаин Карасаев тууралуу баяндама жасашты.

Иш-чаранын соңунда «Доор» фоьклордук-этнографиялык ансамбли  концерттик номерлерин тартуулашты.