Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата сабаттуулукка багытталган бир айлыктын жыйынтыгы боюнча КММА диплом менен сыйланды
Университеттин жашоосу 9 26 Февраль 2021

Кечээ КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан К.Карасаевдин 120 жылдыгына карата уюштурулган эки айлык иш-чарага жигердүү катышкан мекемелерди, жогорку окуу жайларды сыйлоо аземи болуп өттү.

Айта кетсек, республика боюнча 1000ге жакын акцияга катышуу билдирмеси келип түшкөн. Ал эми ар бир билдирмеде 3төн кем эмес эмгек тууралуу маалымат камтылган. Демек, жалпы 5000ге чукул ар кандай иштер аткарылган. Атайын комиссия эмгектерди кылдат карап чыгып, жигердүү катышкан жана өзгөчө эмгек жасагандарды аныктап, сыйлыктарды тапшырды.