КММА Краснореченский мектеп интернатынынын тарбиялануучуларын Жаңы жылы менен куттуктады
Университеттин жашоосу 0 29 Декабрь 2022

Жаңы жыл мезгили - бул сыйкырдын, кереметтин жана каалоолордун аткарылышынын мезгили. Дуйно эли боорукер болуп, бардык балдар ата-энелери менен жашаса экен деп тилейбиз. Тилекке каршы, бардыгы биздин колубузда эмес. Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жаңы жылдык майрамда өзгөчө камкордукка жана көңүл бурууга муктаж.

Ошондуктан, мамлекетибизде жайгашкан жетим жана ата-энесинен кароосуз калган бапдар үчүн балдар үйүндө жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жатак-мектептеринде тарбияланып жаткан балдарга кубаныч, майрамдык маанай тартуулап, алардын көңүлүн

алуу учун Билим берүү жана илим министрлигинин жарлыгынын негизинде “Балдарга кубаныч тартуулайбыз” аттуу акциянын алкагыда И.К.Ахунбаева атындагы Кыргыз мамлекттик медициналык академиясынын атынан тарбия жана уюштуруу-массалык иштер бөлүмү Бишкектеги Краснореченский мектеп интернатынынын тарбиялануучуларын кирип келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап жуучу каражаттар жана канцелярдык буюмдарды жеткирип беришти.