КММА жана Аскер инситуту
Университеттин жашоосу 0 21 Сентябрь 2023

“Тил- аталар мурасы” аттуу салтанаттуу кече өткөрүштү

2023-жылдын 21-сентябрында саат 15.00дө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө КРдин Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 34 жылдыгына карата И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекттик медициналык академиясы К.Үсөнбеков атындагы Аскер инситуту менен биргеликте “Тил- аталар мурасы” аттуу салтанаттуу кече өткөрүштү.

Иш-чаранын негизги максаты – улуттук баалуулуктарды жайылтуу, кыргыз тилин өнүктүрүү ошондой эле, Ата Мекенди коргоо жана мекенчилдик сезимди ойготуу болуп саналат. Программанын негизинде Эрке кыз менен Эрке бала саламдашып кечени ачышты. Алгач КММАнын студенттеринин бийи менен башталып, макал-лакап, табышмак, жаңылмачтар айтылып, шаңдуу, көңүлдү көкөлөтүп көтөргөн обондуу ырлар ырдалып, бийлер тартууланды. Аталган иш-чара эки окуу жайдын ынтымагын бекемдеп, маданий байланышты чыңдоого өбөлгө түзөт деп ишенебиз.