КММАда “Айтматов жана көркөм дүйнө ” аттуу салтанаттуу кече өткөрүлдү
Университеттин жашоосу 0 12 Декабрь 2023

2023-жылдын 12-декабрында залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын кыргыз тили кафедрасы “Айтматов жана көркөм дүйнө ” аттуу салтанаттуу кече өткөрүштү. Студенттер чыгармалардан образдарды ийнине жеткире аткарышып, көрүүчүлөрдүн купулуна толушту.Ошондой эле Ч.Айтматовдун чыгармаларына карата сүрөт тартуу жана эссе, дилбаян жазуу сынагы өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө студенттик кесиптик кошуундун төрагасы Шамшиев Алтынбек Турабыевич тарабынан белектер берилди.

Чынгыз Төрөкулович тирүү болгондо быйыл 95 жашка чыкмак. Дүйнө дүңгүрөп, адабият, көркөм искусство коомчулугу шаңданып, атпай кыргыз журтчулугу сыймыктанып бул күндү белгилекмекпиз... Аттиң дүйнө, опол тоодой атабыз арабызда жок.

Бирок, артында кылым карыткан өмүр таржымалы, түбөлүк баян, улам кийинки муунга өрнөк боло турган адабий каармандары жана биз сыяктуу аны кыргыз рухунун феномени катары туу тутуп кастарлаган урпактары бар. Демек, Айтматов атабыздын элеси түбөлүккө жашай берет. Өмүр сакчыларынын бешиги болгон окуу жайыбыздагы иш-чаранын да максаты ошол.