КММАда Баткен окуясына арналган иш-чара өттү
Университеттин жашоосу 0 26 Октябрь 2022
 

Кыргызстандын И.К. Ахунбаев атындагы медициналык академиясында, 26-октябрда Баткен окуясына арналган иш-чара болуп өттү.

Студенттерге Баткен коогалаңынын катышуучулары Баткен аймагындагы куралдуу кагылышуулар тууралуу айтып беришти. Студенттер концерттик номерлерди көрсөтүшүп, ал эми айрымдары жоокерлердин эрдиктери тууралуу ырларын окушту. Патриоттук ырлар аткарылды.

КММАнын бир катар кызматкерлери Коргоо министрлигинин төш белгилери, медалдары жана Ардак грамоталары менен сыйланышты. Алардын арасында проректор Гүлмира Жумалиева («Мен сүйгөн мугалим» медалы), проректор Гүлсүнкан Жунушалиева («Жаштарды патриоттук тарбия» медалы), профсоюз комитетинин төрагасы Дилшад Иманхожаев («Жаштарга патриоттук тарбия» медалы), полковник Алмаз Карымбаев («Күжүрмөн милдетти аткаргандыгы үчүн» медалы), полковник Арстанбек Керималиев («Кызыл Жылдыз» ордени), подполковник Керимкул Усубалиев («Аскердик-патриоттук тарбия» медалы), кафедра башчысы, медицина кызматынын полковниги Курманбек Калилов («Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө 30 жыл» юбилейлик медалы), полковник Кубанычбек Калиев («Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө 30 жыл» юбилейлик медалы) менен сыйланышты.