КММАда "Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын тарыхы" аттуу онлайн конференция өткөрүлдү
Университеттин жашоосу 7 30 Ноябрь 2020
 
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекетинин медициналык академиясынын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын ассистенти, биология илимдеринин кандидаты, доценттин м.а., дарылоо факультетин 18-тайпасынын куратору Раимкулов Курсанбек Мамасалиевичтин жетикчилиги астында дарылоо факультетинин 1-курсундагы 18-тайпасынын студенттерине дарылоо факультетинин 18-2-3-тайпаларынын ортосунда 2020-жылдын 19-ноябрында "Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын тарыхы" аттуу онлайн конференция өткөрүлдү.
Конференция презентация жана И.К. Ахунбаевдин өмүр таржымалы боюнча кыскача даярдалган видео материал менен коштолуп, студенттердин өздөрүнүн окуп жаткан окуу жайдын таржымалын, тарыхын билип жүрүү бул жакшы өбөлгө деген максатта өткөрүлдү.
Конференцияда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын түптөлүү жагдайларын, билим берүү системасын, факультеттик түзүмдөрүн талкуулап, ошондой эле 1939-жылдан бери академиянын ректору болуп иштеп келген инсандар менен таанышышты.