КММАда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү жана келе жаткан Ак калпак күнү белгиленди
Университеттин жашоосу 12 3 Март 2022

Бүгүн, 3-март 2022 жылы И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү жана келе жаткан 5-Март – Ак калпак күнү белгиленди.



Медакадемия мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын жүргүзүү үчүн улуттук майрамды салт катары жыл сайын белгилеп келет. Улуттук майрамдарды белгилөө медакадемияда тилчилерге, кыргыз тили кафедрасына же тарбия иштери боюнча бөлүмгө эле жүктөлбөстөн, бардык бөлүмдөр жана кафедралар бирдей жоопкерчилик менен кезектешип өткөрүшөт.

2022-жылы аталган улуттук майрамды КММАнын дене тарбия кафедрасы өткөрдү. Алгач сөз Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Гулсункан Жунушалиевага берилип, андан кийин Ак калпак күнүнүн автору, кинорежиссер Рысбек Жабировго берилди. Иш-чаранын журушундо медакадемиянын комузчулары жана фармация факультетинин 2-курсунун кыздары бийлешти.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын жалпы жамааты кыргыз элин 3-Март Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туу күнү жана келе жаткан 5-Март – Ак калпак күнү менен куттуктайт!