КММАда кыргыз тилинде ачык сабактар өтүп жатат
Университеттин жашоосу 8 4 Октябрь 2019

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык окуу жайында студенттерге кыргыз тилинде ачык сабактады өтүү колго алынды. Андай сабактардын бирин бүгүн, 4-октябрда ЖОЖдун философия жана коомдук илимдер кафедрасынын мугалимдери дарылоо факультетинин студенттерине өтүштү.


-“Тил бар жерде улут бар” аттуу ачык сабакта, -деп билдирди аталган кафедранын доцентинин милдетин аткаруучу Рахат Сатыбалдиева, -болочок дарыгерлердин кыргыз тилинде сүйлөөсү гана эмес, элдин руханий байлыктарындагы даанышман ойлорду терең түшүнүп, өздөштүрүшүнө өбөлгө түзүүгө аракеттендик. Бул саамалыкты студенттер да жакшы кабыл алышты.
Белгилеп койчу нерсе, кыргыз тилинин мүмкүнчүлүктөрүн жогорку медициналык билим берүү жаатында пайдалануу боюнча КММАда бир топ иш-чаралар белгилеген жана четинен жүзөгө ашырылып жатат.