КММАда мамлекеттик тил күнүнө карата майрамдык кече өткөрүлдү
Университеттин жашоосу 8 20 Сентябрь 2019

2019-жылдын 20-сентябрында  И.К.Ахунбаев атындагы КММАда  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КРдин мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына    арналган “Кыргыздар жылдыз болуп жанса дейбиз,  кыргыз тили кылымдарга калса дейбиз” аттуу майрамдык кече кыргыз тили кафедрасы тарабынан өткөрүлдү. 

Кечеде аталган  академиянын ректору, м.и.д., профессор Кудайбергенова  Индира Орозобаевна сөз сүйлөп, кесипкөй медиктердин кеп маданияты – мамлекттик тил менен тыгыз байланыштуу экенин баса белгилеп, кеченин конокторун мамлекеттик тил майрамы менен куттуктады.  Аталган окуу жайда бүгүнкү күндө алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн жалпы 31 улуттун өкүлдөрү билим алышат. Иш-чара,  ар бир студентти эне тилин сыйлоого, урматтоого үндөп, аны менен катар ынтымакты бекемдөөгө салым кошот деп белгилеп өттү.

Ошондой эле, аталган иш-чаранын алкагында Индира Орозобаевна   Республикалык “Кыргыз тили”  коомунун президенти Раимжан Курбановдон кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн “Ыйык тил” төш белгиси менен  КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын  Ардак грамотасы менен м.и.д.,профессор Чолпон Калканбаева, доцент Жумабек Сыдыков жана Ырысбек уулу Жоомарт сыйланышты. 

Ошондой эле, кечеге Мамлекеттик “Учур” жаштар театры Мар Байжиевдин “Түшүнүшкөндөр” спектаклинен үзүндү аткарышса, А.Осмонов атындагы сыйлыктын лауреаты Бердибек Жамгырчиев ыр окуп, Б.Ельцин атындагы КОСУнун профессору Аттокур Жапанов доклад окуп кеченин коноктору болушту. Мындан сырткары окуу жайдын чет элдик студенттери мака-лакап, жаңылмач айтышты. 1-2-курстар арасында өткөрүлгөн дилбаяндар жана дубал гезиттердин жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө дипломдор тапшырылды.