КММАда "Пандемия апаатынын сыноосу" онлайн сынагынын женүүчүлөрү аныкталды
Университеттин жашоосу 5 30 Ноябрь 2020

Бүгүн, Медакадемиянын жыйындар-залында КММАнын кыргыз тили кафедрасы жана студенттик профсоюз биргеликте уюштурган «Пандемия апаатынын сыноосу» онлайн сынагынын женүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Айта кетсек, сынактын жыйынтыгы боюнча 1-орунга дарылоо иши факультетинин 1-курсунун студенти Сеиткамилова Дамира,

2-орунга дарылоо иши факультетинин 4-курсунун 34-тайпасынын

студенттери, 3-орунга медициналык алдын алуу иши факультетинин 1-курсунун студенти Куралбаева Сабина татыктуу болду.

Студенттерди сынакка мыкты даярдагандары үчүн философия жана коомдук илимдер кафедрасынын окутуучусу, ф.и.к. Сатыбалдиева Рахат Абдрамановна, медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын окутуучусу, б.и.к. доцент Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич ыраазычылык кат алышты.

Алдыңкы орундарды алган студенттерге студенттик профсоюздун төрагасы Шамшимев Алтынбек Турабыевичтен эс алуу турларына жолдомолор берилди. Бардык катышуучуларга тастыктама жана сыйлыктарды мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор, м.и.д., профессор Ырысов Кеңешбек Бакирбаевич тапшырды.