КММАда поэзия кечеси болуп өттү
Университеттин жашоосу 3 11 Октябрь 2022

Кыргыз Республикасынын мамлекттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата өтүп жаткан бир айлыктын алкагында И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын жыйындар залында поэзия кечеси болуп өттү.

Кеченин катышуучуларын куттуктоо менен кириш сөздү окуу жайдын проректору Гүлсүнкан Жунушалиева, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Мамлекттик тил боюнча улуттук тил комиссиясынын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиев жана ф.и.д, профессор Үмүт Култаева аййтышты.

Кеченин жүрүшүндө академик Миталип Мамытовго КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы тапшырылып, КММАнын кызматкерлери Б.Жынжыровго, А.Абдувалиевага, Ф.Абдрасуловага, А.Кылчыкбаевга, Н.Маниевага алкыш берилген. Ал эми, жарыяланган бир айлыкка жигердүү катышкандыгы үчүн КММАнын ыраазычылык каты менен Фармацияны башкаруу жана экономикасы, #1 жана #2 акушерлик гинекология, китепкана, физика, математика, информатика жана КТ кафедралары сыйланды.

Бул кечеде кыргыз тилине байланышкан көптөгөн маалыматтар айтылып, ырлар окулуп, обондуу ырлар менен коштолду.