КММАда "Руханий байлык" эл аралык фестивалы болуп өттү
Университеттин жашоосу 0 21 Декабрь 2023

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер арасында И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Эл аралык Жогорку Медициналык Мектеби тарабынан уюштурулган «Руханий байлык» аттуу эл аралык фестивалы өткөрүлдү.

Окуу жайлардын студенттери фестивалга активдүү катышып, Айтматовдун чыгармаларынан сценалык аткарууларды көрсөтүшүп, жазуучунун чыгармалары боюнча жазылган обондуу ырларды аткарышты.

Жыйынтыгында, «Ч.Айтматов ааламына саякат» аттуу эл аралык фестивалын өткөрүү эстафетасы Салымбеков Университетине ыйгарылды.