КММАда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналган иш-чара өттү
Университеттин жашоосу 7 14 Декабрь 2021

Кечээ, 13 –декабрь 2021 жылы Медакадемиянын жыйындар залында Улуу кыргыз жазуучусу Ч. Айтматовдун туулган күнүнө карата И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын кыргыз тили кафедрасы уюштурган «Чынгыз Айтматов ааламдын улуу сүрөткери» адабий кече болуп өтту.  

Бул иш-чарага жогорку окуужайдын мамлекеттик тил жана тарбия иштер боюнча проректору Гулсункан Жунушалиева жана башка бөлумдөрдун башчылары, кызматкерлери катышты.  

Иш-чаранын  жүрүшүндө студенттер жазуучунун чыгармаларынан монологдор айтып, сахналык көрүнүштөрду тартуулап, баяндамаларды окушту.Адабий кече көрүүчулөргө  жакшы маанай тартуулап, жогорку денгээлде өттү.

Белгилей кетсек, көзү тирүү болгондо дуйнө алпы Айтматов 12-декабрда 93 жашка чыкмак.