4-декабрь күнү Кыргызстанда «Манас эпосунун күнү» майрамдалат. Бул күнгө байланыштуу госпиталдык терапия кафедрасынын жана гематология курсунун профессордук-окутуучулук курамы ассистент М.С. Турсунбаев жетекчилиги астында И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын дээрлик бардык факультеттеринин студенттери менен иш чараларды жүргүздү. Иштин жүрүшүндө ассистент Турсунбаев М.С. ж.б. окутуучулар “Дарылоо иши”, “Медициналык алдын алуу иши”, “Жогорку медайымдык билим берүү” факультеттеринин дарстары окулуп жаткан учурда жана жатыкма сабактар өтүлүп жаткан учурда “Манас” эпосуна да токтолушту.
"Манас" эпосу – кыргыздын улуттук сыймыгы, ооздон оозго айтылып келген руханий улуу мурасы, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври, нечендеген кылымдардан бери элдин туу туткан жол көрсөткүчү! Кыргыз эли – “Манас” эпосунун ээси, сактоочусу жана улантуучусу. Биз үчүн улуу дастандын нукура элдик көркөм чыгарма катары да, элдин тарых-таржымалы катары да, улуттук идеологиянын башаты катары да мааниси зор".
"Манас" эпосу Кыргызстандын желек, герб жана гимн сыяктуу эле орду бардыгын жана кыргыздын улуттук иденттүүлүк символу экени баса белгиленди.
Манас эпосунун пайда болуу жөнүндөгү маалыматтагы окумуштуулардын ойлору ар башка болгону менен эпостун тарыхы миңдеген жылдар экени талашсыз.
Эпос 3 бөлүктөн турат — «Манас», «Семетей» жана «Сейтек», орто эсеп менен жарым миллиондой ыр саптан турат, негизги бөлүгүндө Манас баатырдын эрдиктери камтылган. Баатырлык эпопея болгон чыгарма, генеалогиялык циклдештирүү негизде түзүлүп, көчмөн кыргыз элинин жашоосун, көз карандысыздыкка, мамлекеттүүлүктү орнотууга болгон күрөшүн, кыргыз маданиятынын, тиричилигинин өзгөчөлүктөрүн айтып берет.
Бул күндү белгилөөнүн максаты — “Манас” эпосун сактоо жана жайылтуу, өлкөдө манастаанууну өнүктүрүү, манасчыларга өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүү.
2013-жылдын 4-декабрында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги ЮНЕСКОнун “Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын” тизмесине кирген.
«Манас эпосунун куну» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ошондой эле өлкө парламентинин демилгеси аркылуу кабыл алынган.