Университеттин жашоосу
10 Апрель 2025
Панфилов мектеп-интернатынын тарбиялануучусу Тотонов Ырыскелди И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ачык эшиктер күнүнө чакырылып, иш-чарага активдүү катышты.
КММАнын окуу иштери боюнча проректору Кенешбек Ырысов жана мамлекеттик тил жана тарбия иштер боюнча проректору Мускай Исмаилбеков менен болгон жеке маектешүүдө Ырыскелдиге билим берүү программалары жана КММАга тапшыруу жолдору тууралуу кеңири маалымат берилди. Колдоо жана шыктандыруу максатында Ырыскелдиге КММАнын бренддик коллекциясы тапшырылды. Бул иш-чара анын билим алуу кызыгуусун арттырууга жана келечегине болгон ишенимин бекемдөөгө өбөлгө түздү.