КММАнын А.Дж.Джумалиев атындагы жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасы
Университеттин жашоосу 1 6 Октябрь 2022

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын А.Дж.Джумалиев атындагы жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасында «Илим менен билимге көпүрө – тил, Көкөлөткөн адамды тили деп бил» аттуу мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чара КММАнын А.Дж.Джумалиев атындагы жалпы жана биоорганикалык химия курсу менен биохимия кафедрасынын окутуучусу Н.Б.Акынбекова кечени ачуу үчүн кафедра башчысы б.и.д., доц. Ж.А. Махмудова жана кеченин коноктору КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштер боюнча проректору фил.и.к., доц. Г.И. Жунушалиева жана КММАнын мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы С.К. Наралиевага сѳз берилди. Иш чара кафедранын жамааты жана дарылоо иши факультетинин 3-курсунун 1-тайпасынын студенттеринин катышуусунда жогорку деңгээлде өткѳрүлдү. «Карысы бардын –ырысы бар» дегендей келечек муунга тилдин баалуулугу, мааниси тууралуу акыл-насаат сѳздѳрү менен иш-чараны кафедранын кадырлуу кызматкери Г. Кулматова улады. Ошондой эле кафедранын жаш окутуучусу М.Б. Акатова А. Кубанычбековдун «Мекеним сага келдим!» ырын кѳркѳм окуп берди. Мындан сырткары дарылоо иши факультетинин 3-курсунун 1-тайпасынын студенттери ѳздѳрүнүн даярдаган эне-тили жана мекен жѳнүндѳ ыр саптары, баяндамалар, макал-лакаптар ж.б. кыргыз тилин даназалоо менен коштолду.