КММАнын астындагы лицейи “Улуттун жаны – Тил” аттуу иш-чара өткөрдү
Университеттин жашоосу 0 22 Сентябрь 2023

Бүгүн, 2023 – жылдын 22 сентябрында Кыргыз мамлекттик медициналык академиясынын лекциялык залында 23 – сентябрь Мамлекттик тил күнүнө арналган “Улуттун жаны – Тил” аттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чараны Медициналык академиянын астындагы лицейинин кызматкерлери жана окуучулары даярдашты.

Окуучулар кызыктуу номерлерди аткарып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн жылытып, маанайын көтөрүштү.

Куттуктоо сөзүн мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Жунушалиева Гүлсүнкан сүйлөдү. Проректор биздин доордо эне тилин билүүнүн маанилүүлүгүн, анткени ар бир улуттун тарыхы, маданияты тилдин аркасында белгилүү экенин айтып өттү.