КММАнын кыргыз тили кафедрасы тарабынан “Биз СПИДге каршыбыз” аттуу иш-чара өткөрүлдү
Университеттин жашоосу 0 1 Декабрь 2021

1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күнүн утурлай кыргыз тили кафедрасы тарабынан “Биз СПИДге каршыбыз” аттуу иш-чара өткөрүлдү.  Анда микробиология, иммунология жана вирусология кафедрасынын доценти, м.и.к. Умуралиева Алиман Мамадалиевна чакырылып, студенттерге СПИДди алдын алуу, жугуу жолу ж.б. маалыматтарды айтып берди.

Дарылоо иши факультетинин 2-курс, 7-8-тайпалары,  куратору Шабданбаева Жазгүл Кылычбековна тарабынан дагы кошумча суроо-жооптор уюштурулуп, чакан концерттик программа көрсөтүлдү