КММАнын кыргыз тили кафедрасы тил күнүнө карата майрамдык кече өткөрүштү
Университеттин жашоосу 3 24 Сентябрь 2021

КММАнын кыргыз тили кафедрасы тил күнүнө карата майрамдык кече өткөрүштү 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата 2021-жылдын 24-сентябрында «Тилим менен улутмун» аттуу майрамдык кече кыргыз тили кафедрасы тарабынан өткөрүлдү.

Иш-чарада “Канткенде кыргыз тилин өнүктүрүбүз?” деген теманын негизинде медициналык багытта изилденген долбоор менен катар маданий программалар коштолду.

Кафедра башчысы Абдырасулова Элмира Кыдырмаевна “Илим менен маданий иш-чаралардын айкалышып өтүшү КММАнын студенттерин кыргыз тилин сүйүүгө ошону менен катар илим чөйрөсүнө багыт алууга чоң өбөлгө болот” деп белгиледи.