КММАнын кызматкерлери Кара-Кулжа районунда эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларын эрте аныктоо максатында иш-чараларды жүргүзүштү
Университеттин жашоосу 0 14 Июль 2023

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен бирдикте «Кыргыз Республикасынын ар кандай экологиялык шарттарында эхинококкоздун жана альвеококкоздун санариптик картасы жана инвазияга каршы күрөшүүнүн негиздери” деген теманын алкагында 01.07.2023-жылдан баштап Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун элин бекер-акысыз эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларын эрте аныктоо максатында экспедициялык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын дарыгерлери О.Т. Куттубаев, В.С. Тойгомбаева, К.М. Раимкулов, Ж.М. Усубалиева, Ж.С. Смаилбекова, Н.С. Сейитбекова, У.К. Тукешов, А.К. Абаралиев жана М.А. Исаев бир эле учурда эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларынын негизги факторлорун аныктоо максатында анкета жүргүзүп, алардан ИФА изилдөөгө кан алынып, УЗИ аппаратынан текшерүүдөн өткөрүлсө, андан сырткары адамдын ичиндеги ичеги мите курттарды аныктоо үчүн зан алынууда. Эхинококкоз жана альвеококкоз ооруларынын негизги ээси, булагы болгон иттердин ичегилери жана альвеококкоз оорусунун аралык ээси болгон кемирүүчү чычкандар кармалып алардын ички органдары алынууда. Мындай комплекстүү иш чаралар Кара-Кулжа районунда биринчилерден болуп өткөрүлүүдө.

Мындай комплекстүү иш чарага райондун жетекчилиги, ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана оорукананын кызматкерлери, ветеринардык кызматтар көмөктөшүүдө. Көмөктөшкөн кызматкерлерге И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын атынан чон ыраазычылык билдиребиз.

Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылы.