КММАнын Медициналык орто окуу жайынын студенттери 3-декабрь Эл аралык мумкунчулугу чектелген жарандардын кунуно карата иш-чара өткөрүштү
Университеттин жашоосу 0 5 Декабрь 2022

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын алдындагы медициналык орто окуу жайынын студенттери 3-декабрь Эл аралык мумкунчулугу чектелген жарандардын кунуно карата оз таланттарын жана шыктарын чакан иш- чарада көргөзүштү.

Иш-чарага КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Г.И.Жунушалиева, тарбия иштери боюнча адиси, студенттик профсоюздун адиси жана медициналык орто окуу жайынын коллективи катышышты.

Медициналык орто окуу жайынын студенттери дээрлик көрүүсү боюнча майыптардын арасынан болгондуктан аларга ректораттын атынан, студенттик профсоюздун адиси тарабынан чакан материалдык жардам көрсөтүлүп, ал эми активдуу катышкандарга грамоталар жана белектер берилди. Бул иш чара медициналык орто окуу жайынын студенттеринин ар тараптан таланттуу, аракетчил жана активдуу экенин дагы бир жолу далилдеди.