КММАнын МПД факультетинин студенттери Ч.Айтматовдун туулган күнүн белгилешти
Университеттин жашоосу 3 13 Декабрь 2021

2021-жылдын 9-декабрында залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүн утурлай, И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Ж.А.Дүйшөналиева МПД факультетинин 2-курсунун 2-3-тайпалары менен тарбиялык саат өткөрдү. Залкар жазуучунун чыгармаларын студенттер сахналаштырып, каармандардын образдарын ачып берүүдө чыгармачылык таланттарын көрсөтүштү.