КММАнын М.С.Мусуралиев атындагы Акушерлик жана гинекология кафедрасында иш-чара өткөрүлдү
Университеттин жашоосу 3 13 Март 2023

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын М.С.Мусуралиев атындагы Акушерлик жана гинекология кафедрасында “Бүткүл Дүйнөлүк Эне тил” күнүнө карата, 3-март “Мамлекеттик Туу” жана 5-март “Ак калпак “ күнүнө карата куратордук тайпалар менен иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага улук куратор Э.Абдырасулова жана кафедранын улук окутуучулары Т.Теппеева, Ж.Исакова, Ч. Иманкулова катышышып, жюрилик милдетти аткарышты.

Куратордук тайпанын студенттери өз өнөрлөрүн поэма, ыр, бий аркылуу көрсөтүштү.

26-тайпанын студенттери Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн” чыгармасынан үзүндү ойношуп, Маңкурт болбой -өз тилибизди, жерибизди, элибизди билүү жана сактоо зарыл экендигтн терең жеткизе алышты.

Ошондой эле ар бир куратордук тайпа “ Кумар оюндарга тартылуунун тобокелчиликтери жана терс социалдык кесепеттери, анын өнүгүү коркунучтары “ деген темадагы үй тапшырмасын мыкты деңгээлде даярдашып, 24- тайпанын студенттери буклет, элге таратуучу брошюралары менен айырмаланышты.

1-орунду 26 тайпа-кураторы Ф.Бейшеналыева жана 27 тайпа-кураторы Г.Омуркулова багындырышты;

2-орунду 25 тайпа- кураторы М.Макенжанова;

3-орунду 23 тайпа-кураторы И.Мырзалиева жана 24 тайпа-кураторы Ж.Болджурова ээлешти.

Тайпалар кафедра тарабынан даярдалган Акушерлик жана гинекология боюнча усулдук-китепчелер менен куттукталды