КММАнын окутуучусу Кыргыз радиосунун түз эфиринде
Университеттин жашоосу 4 28 Декабрь 2020

Ушул жылдын 24 – декабрь күнү Кыргыз радиосунун толкунундагы улут саламаттыгы уктуруусунда "Мите курт оорулары - бардык оорулардын башаты" аттуу 45 минуталык түз эфирге Саламаттык сактоонун отличниги, биология илимдеринин кандидаты, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык биология, генетика жана

паразитология кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич катышып жалпы калкка мите курт ооруларынын актуалдуулугу, негизги таркалуу, жугуу себептери, адамга зыяндуулугу жана оорудан кантип сактануунун жолдору жөнүндө маалыматтарды элге кенири түшүндүрүп берди. Эфир   суроолор менен коштолуп, кызуу талкуулар жүрүп, жогорку денгээлде өттү.