КММАнын студенттери А.Осмонов атындагы Улуттук китепканага барып кайтышты
Университеттин жашоосу 2 2 Декабрь 2021

1 декабрь 2021 жылы И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын дарылоо иши факультетинин 18-тайпасынын  куратору, б.и.к.   Раимкулов  Курсанбек Мамасалиевич  студенттер менен бирдикте куратордук иш-чаранын негизинде Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынынын Улуттук китепканасына барышты. Иш-чаранын негизинде студенттер китепкананын тарыхы, имараттары, китепкананын бөлүмдөрү,  китептердин түрлөрү жөнүндө кенири маалымат алышты. Андан сырткары студенттер китепканага жазылуу, китептерди издөө, табуу, алуу жана пайдалануу жолдору жөнүндө кенири маалымат алышты.

Эн негизгиси  студенттер китепкананын аты улуу акын, жазуучу Алыкул Осмоновдун өмүр баяны, чыгармачылыгы жана жазган китептери  камтылган музейин көрүп акын жөнүндө кенири маалымат алышты жана эскеришти.