КММАнын студенттери ИИМ Академиясынын курсанттары менен бирге мектеп-интернаттын балдарын куттукташты
Университеттин жашоосу 1 2 Июнь 2022

Кечээ, 1-июнь Балдарды коргоо күнүндө Стоматология факультетинин 5-курсунун студенттери балдар стоматологиясы кафедрасынын жетекчилиги астында ИИМдин Академиясынын курсанттары менен биргеликте Краснореченск жалпы билим берүү мектеп-интернатынын балдарын майрамы менен куттукташты.

Студенттердин жардамы менен чогултулган белектерди ыраазы болгон балдар кубануу менен кабыл алышты. Ал эми биздин камкор студенттерибиз балдардын кичинекей жүрөгүн кубандырып, толук кандуу көңүл ачышты.