КММАнын студенттери «Кассандра тамгасы» аттуу темада коюулган драмага күбө болуп келишти
Университеттин жашоосу 0 13 Декабрь 2023

2023-жылдын 8-декабрь күнү И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын "Педиатрия" факультетинин 1-курстун 15-тайпанын куратору, б.и.к., доценттин м.а. Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич студенттери менен биргеликте Кыргыз Улуттук драм театрына барып Ч.Т. Айтматовдун «Кассандра тамгасы» аттуу темада коюулган драмага күбө болуп келишти.

Казак эл актерлору бул драмада ар бир адам баласы өз өмүр-жашоосу жана жасаган иш-аракети үчүн өзү милдеттүү жана жоопкер экенин эскерткен ибарат идеяны чагылдыра алды.

Ошол учурдагы тоталитардык системада эң кереги — атасы да, апасы да, баласы да, журту да, эрки да, өзүнүн ой-пикири да, сезими да жок, өздөрүн бүт бойдон өндүрүмдүү эмгекке, башка маанилүү милдеттерге, баарыдан мурда, сөзсүз болбой койбоочу дүйнөлүк революция ишине арнай турган адамдардын айрыкча тукумун жасалма жол менен жаратуу мүдөөсү эле. Ал үчүн аты-жыты белгисиз аноним ата-энелердин уругунан пробиркадан тоталитардык системанын бүт жер жүзүндө жеңишке жетишүү идеясы үчүн эч кылчактабастан, кайра тартпастан аёосуз күрөшүп, “өлүп бараткан дүйнөлүк коммунистик идеологияны жандандырууга жарамдуу” “жаңы адам – иксроддор” жасалып чыкса деген максат-тилек коюушкан!

Актерлор бул көркөм чыгармада студенттерге эмоциялуу таасир этип, баарын абдан ачыктап-дааналап сүрөттөп бере алышты.

Студенттерде жакшы маанай, ой-пикирлер калтырышты.