КММАнын студенттери «Кылым карытар бир күн» романы боюнча коюлган спектаклине күбө болуп келишти
Университеттин жашоосу 0 25 Декабрь 2023

И.К. Ахунбаев атындагы КММАнын Фармация факультетинин 1-курсунун студенттери физика, математика, информатика жана компьютердик технологиялар кафедрасынын кураторлору менен биргеликте Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында Ч. Айтматовдун туулган күнүнүн 95 жылдыгына карата өткөрүлгөн «Айтматов жана театр» аттуу эл аралык фестивалынын ачылышына катышып, Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романы боюнча коюлган спектаклине күбө болуп келишти.

Спектаклде көпчүлүк окуя Бороонду бекеттин темир жол жумушчусу Казангаптын кайтыш болгон саатынан аны жайына койгонго чейинки мезгил аралыгындагы анын кесиптеш жакын жолдошу Эдигейдин эскерүүсү аркылуу баяндалат. Театрдын актерлору бул көркөм спектаклде көрүүчүлөргө эмоциялуу таасир берип, баарын ачык-айкын дааналап сүрөттөп бере алышты. Студенттерде да жакшы маанай, ой-пикирлер калды.