2025-жылдын 10-апрелинде И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын “Дарылоо иши №1” факультетинин 3-курсунун 16-тайпасынын студенттери “Жалпы гигиена” кафедрасы менен биргеликте окутуучулар Эгембердиева Гулина Токтогуловнанын жетекчилиги астында жана Жангазиева Элиза Сыргатовна менен №83 жалпы билим берүүчү орто мектебине барып, энергетикалык суусундуктар, баңги заттар, электрондук тамекилер сыяктуу зыяндуу адаттар тууралуу презентация окуп беришти.
Жолугушуунун максаты — окуучуларга дени сак жашоо образынын, туура тамактануунун жана зыяндуу адаттардын алдын алуунун маанилүүлүгүн түшүндүрүү болду. Презентациянын алкагында тамактануу жана жашоо образынын гигиенасы боюнча суроолор көтөрүлдү. Студенттер өзүн өзү көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн, энергетикалык суусундуктарды колдонбош керектигин, аларды ашыкча пайдалануудан алыс болууну түшүндүрүп, ошондой эле тамеки чегүүнүн, электрондук тамекилердин, баңги заттарды жана энергетиктерди колдонуу зыяндуулугун кеңири баяндап беришти.
Иш-чаранын соңунда окуучулар үчүн мини-оюндар уюштурулуп, алынган маалыматтар бекемделип, жолугушуу кызыктуу жана пайдалуу өттү.