19-ноябрда И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын фармацевтикалык факультетинин 4-курсунун 8-тайпасынын студенттери куратору ФГЗ жана ДКХ кафедрасынын окутуучусу Ф.Б. Абдырасулованын жетекчилиги менен Кыргыздын белгилүү сүрѳтчүсү Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук кѳркѳм искусство музеинде болушту.
Бул сүрѳт музейи искусствонун мыкты мыкты үлгүлѳрү топтолгон маданий кѳркѳм мекеме. Кѳркѳм искусствосунун чыгармалары илимий изилдѳѳ, маданий, саясий жана руханий жактан студенттерди шыктандырып, аларды коомдун тарыхы, келечеги тууралуу кабар берип , улам бийиктикке жетелейт.
Кѳркѳм музейинде живопись, графика, скульптура аянттары, экспозиция залдарындагы С.Чуйковдун, Г.Айтиевдин, С.Акылбековдун, В.Образцовдун, Л.Ильинанын, Т.Сыдыковдун, ж.б. сүрѳттѳрү менен таанышышты.
С.Чуйковдун "Советтик Кыргызстандын кызы", "Таң" Г.Айтиевдин "Байда иштеген кембагал" ж.б сүрѳттѳрү студенттерге биринчиден, билимдин баалуулугун даңазаласа, экинчиси, коомдун ѳсүшү, ѳнүгүшүнѳн кабар берет.