Университеттин жашоосу
3
22 Март 2022
КММАнын кыргыз тили кафедрасы 1-2-курстун студенттери менен биргеликте 2022-жылдын 16-17-мартында КРдин эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романын негизинде коюлган “НҮЗҮП АТАЛЫК” спектаклинин бет ачарына барып келишти.
![](/images/base/03.22/img1_22.03.22.jpeg)
Тарыхта өзүнүн атын калтырган инсан тууралуу спектаклди “Учур” жаштар театры сахналаштырышкан. Театрларга баруу жаштардын руханий байлыгын өстүрүүгө, дүйнө таанымын кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү талашсыз.