КММанын студенттери «Пандемия мени кандай өзгөрттү» подкаст сынагынан женишке жетишти
Университеттин жашоосу 5 11 Ноябрь 2020

Коронавирус пандемиясынын эл турмушуна тийгизген таасирин чагылдыруу максатында «Азаттык» радиосу угармандар арасында жарыялаган «Пандемия мени кандай өзгөрттү» подкаст сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Катышуучулар пандемиянын жашоосуна тийгизген таасирин, башынан өткөндөрүн баяндап, ойлорун ортого салышты. Алардын эң жашы 12де, улуусу 80 жашта.

Айта кетсек, бул сынакта КММАнын стоматология факультетинин студенттери Майрамбек уулу Кутман, Жыргалбеков Асман жеңишке ээ болушуп, заманбап үлгүдөгү смартфондор менен сыйланышты. Жетекечиси кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Акылбекова Алтынай.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо 6-ноябрда «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинде өттү. (SE)