КММАнын студенттери Улутук китепканадан китеп дүйнөсү тууралуу маалымат айлып кайтышты
Университеттин жашоосу 0 25 Сентябрь 2023

Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына И.К Ахунбаев атындагы КММАнын медициналык биология, генетика жана паразитология кафедрасынын окутуучусу, биология илимдеринин кандидаты, доценттин милдетин аткаруучу Раимкулов Курсанбек Мамасалиевич 2023-жылдын 23-куну КММАнын педиатрия факультетинин 1-курсунун 15 тайпасынын студенттери менен барып кенири маалымат алып кайтышты.

Бир кылымга жакын тарыхы бар Улуттук китепканага барып Илим-билимдин алуунун жолдорун, тарыхын, китептин түрлөрүн көрүп, китеп-билимдин булагы экендигине күбө болуп кайтышты.

«Билимдүүгө дүйнө жарык»-демекчи илим, билим алуунун жолдорун көрүп, «Миң уккандан бир көргөн жакшы дегендей»-музейдин кол жазмаларын, сыймыктарын көрүп кайтышты. Бул да болсо жаңы келген студенттерибиз үчүн, билимге болгон жолун асты десек болот.

«Билимдүүнун- түнү-күн, илимсиздин күнү-түн»-демекчи келечекте билим алуу үчүн китеп менен дос болуу жана китепканага баруу керектигин багытын, жолдорун көрүп Улуттук китепканага болгон экскурсиябыз кызыктуу болуп, кеңири маалымат алып келдик.

Барган максатыбыздын бири:

Бүгүнкү күндө китеп дүйнөсүнөн алыстап бара жаткан китеп окууга, китепканага барууга, жазылууга үндө десек да болот.