КММАнын студенттери ЖОЖдор аралык фестивальда 2-орунга ээ болушту
Университеттин жашоосу 1 18 Октябрь 2022

КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы КРдин Эл аралык университети менен бирге “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КРдин мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата КРдин Министрлер Кабиненин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалав тарабынан бекитилген мамлекеттик тилдин бир айлыгынын иш-чараларынын 26-пунктуна ылайык “Кыргыз адабий чыгармаларын көркөм окуу” аттуу ЖОЖдор аралык фестиваль 2022-жылдын 17-октябрында болуп өттү.

Фестивалга И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын кыргыз тили кафедрасы жетектеп барган студенттери Випин – окутуу англис тилинде жүргүзүлгөн дарылоо иши факультети, 6-курс, Евтушенко Родион – №1 дарылоо иши факультети 1-курс, Турчин Герман – №2 дарылоо иши факультети 1-курс. Катышкан студенттер 11 жогорку окуу жайларынын арасынан 2-орунду багындырышып, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланып келишти. Даярдап баргандар кыргыз тили кафедрасынын башчысы п.и.к., доцент Абдырасулова Э.К. жана окутуучу Анарбаева Ж.К.