Университеттин жашоосу
10 Декабрь 2024
Дарылоо иши-1 факультетинин 4-курсунун 2-тайпасынын студенттери менен куратору Мукамбетова С. М. биргеликте, 1-декабрь СПИДге каршы күрөшүү күнүнүн алкагында шаарыбыздагы А. Молдокулов атындагы улуттук инновациялык-технологиялар мектеп-лицейинин 10-класстарынын окуучуларына атайын «СПИД жана алдын алуу» деген темада лекция окуп келишти.
Окуучуларга атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жалпы маалымат берилди.