КММАнын жугуштуу оорулар кафедрасы Эне тил жана Ак калпак күнүнө карата иш-чара өткөрдү
Университеттин жашоосу 0 5 Март 2024

Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына “Ак калпак күнү” белгиленет.

Бул күн Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салтты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Жугуштуу оорулар кафедрасынын окутуучулары Анарбаева Ж.А., Саркина А.К., Омонов И.К., Муканбеткеримова Г. М. дарылоо иши факультетинин 28-тайпа,5-курс студенттери менен көзөмөлдүк сабак өтүштү. Сабактын жүрүшүндө ак калпактын тарыхына жана анын маанисине көңүл бурулду.