КММАнын жыйындар залында «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгы белгиленди
Университеттин жашоосу 3 10 Декабрь 2021

Бүгүн,  2021-жылдын 10-декабрында  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата билим берүү тармагында жарыялаган акцияны жыйынтыктоо максатында Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында салтанаттуу иш-чара өткөрдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, Министрлер Кабинетинин, Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, республиканын бардык аймагынан мектепке чейинки билим берүү, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мугалимдери жана башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын окутуучулары катышты.

Иш-чаранын алкагында акцияга, сынакка жигердүү катышкан финалисттер жана окуу жайлар, калыстар тобунун мүчөлөрү баалуу белектер жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланып, бардык катышуучуларга улуттук программанын алкагында басылып чыккан китептер таркатылды.

Айта кетсек, КММАнын Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин «Ыраазычылык каты» менен мамлекеттик тил жана тарбия иштер боюнча проректору Гулсункан Жунушалиева, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Сапаргуль Наралиева, КММАнын окутуучулары Анипа Орозалиева жана Нурида Касымбекова, КММАнын бүтүрүүчүсү Алихан Ибраимов сыйланды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги жана КТРК биргеликте уюштурушкан жогорку окуу жай, колледж, кесиптик лицей арасындагы “Манас таануу” теле таймашынын жыйынтыгы менен И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын атынан барган “Илегер” тобу баш байгени багындырганына байланыштуу  команданын ар бир катышуучусу ноутбук жана белектер менен сыйланды.