1-декабрь бүткүл дүйнөлүк ЖИКСке каршы күрөшүү күнү. Ааламдын ар бурчунан адамдар бул күнү АИВ менен жашаган кишилерге колдоо көрсөтүүгө биригишет.
Бүткүл дүйнөлүк ЖИКСке каршы күрөөшүү күнү 1988-жылы биринчиден эл-аралык күн болуп калды. Ар жылда ЖИКСке каршы күрөшүү күнүнө карата маанилүү теманы көтөрүп, аны ар бир мамлекет девиз катары колдонулат. 2024-жылы бүткүл дүйнөлүк девиз “АИВ: билим – сенин коопсуздугуⱧ, дарылануу – сенин ден соолугуⱧ” болуп кабыл алынды.
2024-жылдын 1-ноябрь айына карата Кыргыз Республикасы боюнча 14159 АИВ менен жашаган кишилер аныкталган, 3551 киши каза тапкан.
И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык акдемиясында “АИВ: билим – сенин коопсуздугуⱧ, дарылануу – сенин ден соолугуⱧ” дүйнөлүк девиз алкагында жумалык иш чарасында жугуштуу оорулар кафедрасы жана “Конклав Галена” студенттери тарабынан “Дарылоо иши” факультетинин студенттерине маалыматтык ишчара, лекция, оюндар уюштурулду.
Лекциянын түзүмү дөйнөдөгү жана Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал, алдын алуу жана контакттан кийинки ишчаралар, дарылануу максаттары, тестирлөө ыкмалары көрсөтүлдү. Активтүү катышуучулар жана оюн-сынактын жеⱧүүчүлөрү белектер менен сыйланды.
Негизги демөөрчүлөр болуп жугуштуу оорулар кафедранын профессордук-окутуучу курамы болуп шайланды.