Ректордун кубогуна» КММАнын Дарылоо иши 1 командасы татыктуу болду
Университеттин жашоосу 0 18 Октябрь 2022

2022-жылдын 17-октябрында И.К.Ахунбаев атындагы КММАда студенттер арасында «Ректордун кубогу» үчүн футбол боюнча турнир жыйынтыкталды.

Биринчи орунду Дарылоо иши 1 факультетинин командасы, экинчи орунду Фармация факультетинин футболчулары, үчүнчү орунду стоматология факультетинин командасы ээлешти.

Кубокту окуу жайдын ректору, профессор Индира Кудайбергенова жеңүүчүлөргө тапшырып, командаларды татыктуу жеңиши менен куттуктап, бардык катышуучуларга кызыктуу оюн үчүн, ал эми күйөрмандарга командаларды колдогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, биринчи үч орунду ээлегендер жана мыкты оюнчулар тиешелүү дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.