КММАдагы куратордук саат
Университеттин жашоосу 0 20 Ноябрь 2023

Улутубуздун сыймыгы болгон белгилүү жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 95 жылдык мааракесине байланыштуу "Дарылоо иши" факультетинин II курсунун 28, 29 жана 31-тайпаларынын студенттери менен бирге фундаменталдык жана клиникалык физиология кафедрасынын башчысы, профессор И Е. Кононец, кураторлор А К. Нартаева, А. М.Адаева 2023-жылдын 18-ноябрында Бишкектеги биринчи эл аралык кинофестивалынын алкагында, мыкты актерлор С. Чокморовдун, Т. Турсунбаеванын, Г. Ажибекованын катышысуу менен, Т. Океев тарабынан тартылган “Кызыл алма” ретроспективасын жана режиссер А. Жураеванын "Теңирберди" тасмасынын премьерасын барып кѳрүштү.