КММАнын курсанттары Ала-Тоо полигонунда АК-74 автоматынан практикалык ок атууну аткарышты
Университеттин жашоосу 0 7 Июль 2023

2023-жылдын 5-июлунан 6-июлуна чейин И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын 4-5-курсунун курсанттары 73809-аскер бөлүгүнүн Ала-Тоо полигонунда АК-74 автоматынан практикалык ок атууну аткарышты.

Практикалык ок атуу алдында тарбиялануучуларга сабак өтүлүп, коопсуздук чаралары боюнча маалымат берилди. Мындан тышкары, полигондо ок атуу курсу боюнча машыгуу орундары жайгаштырылып, анда курсанттар күжүрмөн даярдыктын ченемдерин, туура багыттоо тартибин, пулемётту толук эмес демонтаждоо жана жыйноо боюнча нормативдерди тапшырышты.

Ок атуу боюнча сабактарды Полковник Карымбаев Алмазбек, взводдун командири, полковник Карималиев Арстанбек, подполковник Усубалиев Керимкул жана КММАнын Аскердик медициналык даярдык жана экстремалдык медицина кафедрасынын башчысы, полковник м/с Калилов Курманбектин көзөмөлүндө болуп өттү.

Иш-чара 73809 аскер бөлүгүнүн жана «Ала-Тоо» окуу борборунун офицерлери менен жоокерлери тарабынан жүргүзүлдү.