Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүн майрамдоонун урматына Медициналык академияда жыйын болуп өттү.
Университеттин жашоосу 8 24 Сентябрь 2021

23-сентябрь, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүн майрамдоонун урматына Медициналык академияда жыйын болуп өттү.

Жыйынга окуу жайдын окутуучулары катышып, куттуктоо ачылышы КММАнын мамлекеттик тил жана тарбия иштер боюнча проректору Гүлсүмкан Жунушалиеванын салтанаттуу сөзү менен башталды. Гулсумкан Ишенгазиевна: “Ар бирибиз тилди өнүктүрүүгө өзүбүздүн салымыбызды кошушубуз зарыл, бул үчүн бардык шарттарды түзүшүбүз керек. ошондой эле окуу жайдын колдонулган аталыштардан жана аббревиатуралардан тартып, эне тилибизге өзгөчө көңүл бурушубуз керек” деди.

Маалымат үчүн: Мамлекеттик тил күнү өлкөбүздө жыл сайын 23-сентябрда белгиленет, 1989-жылы ушул күндө Кыргыз ССР Жогорку Советинин “Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамына ылайык кыргыз тили мамлекеттик тил статусун алган. 2013-жылдын 1-июлунда “КРда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Президенттин Жарлыгы чыккан, анын негизинде “2014-2020-жылдарда КРда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программа” иштелип чыккан. Бул Улуттук программа мамлекеттик тилди колдонууну коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүнө толук жайылтуу үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле кыргызстандыктарда мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун күчөтүүгө жана көп тилдүүлүктү өнүктүрүүгө, эне тилде, мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде эркин сүйлөөгө багытталган.