Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган лекция
Университеттин жашоосу 11 Декабрь 2024

Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган лекция 3-
декабрда КММАнын медициналык борборунун оториноларингология
бөлүмүндө Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө арналган
лекция өткөрүлдү.

Иш-чарага 1-жалпы медицина факультетинин 4-курсунун
27-30-группаларынын студенттери катышты.
Лекцияны Кулиева Э.С. жана Солодченко Н.В. кураторлор окушту.


Лекциянын жүрүшүндө ВИЧ/СПИДдин алдын алуу, диагностикалоо жана
дарылоонун актуалдуу маселелери, ошондой эле көйгөйдүн социалдык
мааниси жана вирустун жайылышына каршы күрөшүү чаралары козголду.
Студенттер өз ден соолугуна аң-сезимдүү мамиле жасоонун маанилүүлүгүн жана коомду маалыматтандырууда дарыгерлердин ролун баса белгилешти.