КР ИИМ Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү
Университеттин жашоосу 0 19 Апрель 2024

2024-жылдын 18-апрелинде И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери үчүн «Азыркы коомдо баңги заттардын коопсуздугунун негиздери» деген темада лекция өткөрүлдү. Аталган окуу жайдын 1-5-курсунун студенттери үчүн лекция жыйыны КР ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын демилгеси менен өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө КР КР ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын майору Акылбек Жоорбаев балдар жана өспүрүмдөр арасындагы баңгичилик көйгөйүн, эң көп таралган баңги заттар тууралуу айтып, баңги заттарды колдонуунун жайылышына каршы күрөшүү боюнча башкармалыктын алып барып жаткан ишин, ошондой эле заманбап жаштардын жана коомдун жашоо шарттарын камсыз кылуу үчүн баңги заттарынын коопсуздугунун маанилүүлүгүн баса белгилеп өттү.

Ошондой эле, келечектеги дарыгерлер менен баңги заттарды колдонуунун кесепеттери, алардын зыяндуулугу жана адам организмине тийгизген таасири тууралуу маселелер талкууланды. Студенттер өз кезегинде талкууга активдүү катышып, ар кандай суроолорду беришти. Лекциянын жыйынтыгында КММАнын укуктук иштер жана адам ресурстары боюнча проректору Темирбек Жуманалиев Кыргыз Республикасынын КР ИИМдин Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын берген маалыматы үчүн ыраазычылык билдирип, жогорудагы лекцияга катышпай калган студенттер үчүн дагы ушундай жолугушууларды уюштуруп берүүнү суранды.