Окуу жайдын эң мыкты жатаканасы – №4 жатакана
Университеттин жашоосу 1 29 Апрель 2023

Медициналык академияда эң мыкты студенттер жатаканасына сынак өттү. Окуу жана ынгайлуу эс алуу учун бардыгы, турмуш-тиричилик инфраструктурасы бар. Академиянын жетекчилиги студенттердин жашаган жерлерин оңдоо жана жакшыртуу боюнча пландуу иштерди жүргүзүүдө: студенттер үчүн окууга жана изилдөөгө, чыгармачылыкка, кесиптик өсүүгө жана өнүгүүгө көбүрөөк убакыт бөлүү үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгы менен камсыздалган.

Сынакка бардык жети жатакана 2022-2023-окуу жылында мыкты наам үчүн ат салышты.

Сынактын калыстар тобу: студенттик комитет, студенттик сенат жана КММАнын тарбия иштери боюнча бөлүмү бардык жатаканаларды кыдырып, аймактардын жана бөлмөлөрдүн тазалыгын текшеришти. Ошондой эле, спорттук иш-чаралардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчү аныкталды. Ошентип,“2022-2023-окуу жылынын эң мыкты жатаканасы” сынагынын жеңүүчүсү болуп №4 жатакана табылды.