Чакан сагыз чоң экологиялык көйгөй
Университеттин жашоосу 0 1 Март 2024

Экологиялык абалды жакшыртуу жана студенттердин экологиялык маданиятын жогорулатуу максатында «Таза университет» экологиялык акциясынын алкагында фундаменталдык жана клиникалык физиология кафедрасы тарабынан «Чакан сагыз чоң экологиялык көйгөй» деген темада профилактикалык көзөмөл иштери жүргүзүлдү. 24-февраль күнү "Дарылоо иши" факультетинин 2-курсунун 28-тайпасынын студенттери кафедра башчысы, профессор Ирина Евгеньевна Кононецтин, окуу бөлүмүнүн завучу Ч.К.Уралиеванын жана улуу куратор Адаеванын А.М. жетекчилигинин астында кафедранын окуу бөлмөлөрүндө экологиялык тазалоо иштерин жүргүзүштү.